«Эмне үчүн башка?». Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы желек илинди

Бүгүн, 1-январда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы желек илинди. Анын сүрөт жана видеолору соцтармакта жарыяланууда.

Бирок соцтармактын колдонуучулары эмне үчүн аянтта көтөрүлгөн жаңы туунун башка варианты болуп калганы боюнча суроо салышууда. Азырынча бийлик өкүлдөрү үн ката элек.