Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Бишкек шаарында Байтик Баатыр көчөсүн капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бүгүн, 15-июлда Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Учурда жогоруда аталган участокто капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган. Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.