Бишкектин бир бөлүгү суусуз калды

Борбор калаанын бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шабдан Баатыр проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишинде диаметри 300 мм болгон суу түтүкчөсүндө авария болуп, анын кесепетинен суу агып кеткендиги аныкталган. «Бишкек суу канал» муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоо кызматынын бригадасы авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүдө. Аварияны жоюу үчүн ККСК суу алгычы убактылуу өчүрүлөт, бул анын камтуу аймагындагы суу менен камсыздоого таасирин тийгизиши мүмкүн.