15-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы Сарбан, Жал айылдары, Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, 105-контур батыш тарабы, ЖЭБ-2, Селекциянын жаңы району, Достук, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү) конуштары, Сокулук району Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы) менен чектешет.
Ичүүчү суу «Баш-Кара-Суу» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.