Бишкектин борбордук аянтынын бийиктиктен көрүнүшү

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды майрам менен куттуктады.

Президенттик аппарат Бишкектин борбордук аянтын бийиктиктен тарткан сүрөт менен бөлүштү.

Сүрөтчү Нуралы Капаров да соцтармактагы баракчасына бийиктиктен тартылган фото жарыялады. Анда аянтта тигилген боз үйлөрдү көрүүгө болот.