Бишкектин борбордук бөлүгүнөн дагы кайсы кичи автобустар чыгарылды? Тизме

Бишкек шаарында кичи автобустарды шаардын борбордук бөлүгүнөн чыгаруу уланууда. 10-майдан тарта борбордук көчөлөрдү бошотуунун 2-этабы башталды.
Ахунбаев көчөсү – 7-апрель көчөсү (Курманжан Датка) – Чүй проспектиси — Манас проспектиси менен чектелген алкактан чыгарыла турган каттамдар төмөнкүлөр: №138, 163, 192, 202, 207, 220. Жалпы пландык чыгуусу 159 даана кичи автобус.
1-этап 10-апрелде башталган. Ага ылайык, № 111, 118, 130, 134, 135, 136 каттамдардын кыймыл чиймеси аталган алкакка кирбей турган болуп өзгөргөн. Унаалардын жалпы саны 135 даана болчу.
Үчүнчү этап 1-июнда башталып, 589 даана пландык чыгуусу менен төмөнкү кичи маршруттук каттамдар калаа сыртына чыгат: № 224, 234, 243, 246, 257, 258, 275 жана “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын №150, 143, 131, 117, 112, 101, 164, 179, 185, 201, 211, 223, 227, 230, 240, 250, 252, 260, 285, 295 каттамдар.