Бишкектин борборунда ээси менен бараткан ит балдарга жана аялга кол салды (видео)

Бишкектин чок ортосунда килейген ит көчөдө кетип бараткан балдарга жана аялга кол салды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя кечээ, 2-апрелде Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Чоң ит байлаган жибинен чыгып кетип, алгач бир баланын бутунун жеңинен тиштеп, андан кийин экинчи жеткинчектин бутунан коё бербей тиштеген.

Видео тасмада көрүнүп тургандай, жаныбардын ээси ит балдарга кол салганда аны сүйрөп кетүүгө аракет кылган. Бирок ит көп убакытка чейин ээсине баш бербей, баланы бир мүнөткө жакын тиштегилеп коё берген эмес. Өтүп бараткан аял баланы куткарууга жардам берип, баланы качырганга аракет кылгандан кийин ит ал аялга да кол салган.