Бишкекте 31-декабрда майрамдык иш-чараларга байланыштуу Чүй проспектисинде унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Кечки саат 18:00дөн түнкү 01:00гө чейин Чүй проспектисинин «Ала-Тоо2» аянтынын Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Айдоочулардан айланма каттамдарды алдын ала тандап алуу сунушталат.