Бишкектин борборунда жыл аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» мыйзамды жетекчиликке алуу менен Биринчи Май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин, Орусиянын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи Май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.
Бул чектөөлөр 1-октябрдан 31-декабрга чейин күчүнө кирди жана күчүндө болот. Эми бардык чогулуштар, митингдер Горький атындагы скверде өткөрүлөт.