Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө 31-мартка чейин узартылды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу 31-мартка чейин узартылды. Шарттар ошол эле бойдон калууда — тынч жолугушууларды жана акцияларды алардын Горький паркынан башка эч жерде өткөрүүгө болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май районунун акимчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин, Орусиянын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи Май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.