Бишкектин четинде аскердик тик учактын кыйрашынан жабыркагандардын абалы боюнча журналисттерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат беришти.
Маалыматка караганда, Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөө палатага которулду, калгандары көзөмөлдө калышууда. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалы дагы туруктуу.
Кечээ, 17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кыйраган. Коргоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, бир аскер кызматчысы каза болду.