Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгону маалымдалган. Кырсык боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.
«12-мартта болжол менен саат 10:00дө Көк бөрү федерациясы уюштурган мелдештин жүрүшүндө Сокулуктун “Бөрүлү” командасы менен Оштун “Бүркүт” командасынын оюну башталган. Болжол менен 10-15 мүнөт өткөн соң, кагылышуудан улам оюнчу аттан кулап, эс-учун жоготкон. Оюн токтотулуп, жерине Тез жардам чакырылган. 1980-жылы туулган жаран ооруканага бара жатып жан берди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталды»,- деп айтылат маалыматта.