Бишкектин четиндеги көрүстөндөрдүн бири орун жок калганы үчүн жабылат

2021-жылдын 1-январынан тарта Бишкектин четиндеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат. Себеби аталган аймакта сөөк коюуга орун жок калган.

Ошондой эле Ала-Арча, Жер-Ынтымагы конуштарынын тургундарынын кайрылуусу, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын жана Мамлекеттик экотехинспекциясынын бүтүмдөрү негиз болгон.

Мындан ары каза болгондордун сөөгү Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы жаңы көрүcтөнгө коюла баштайт.

Түштүк-батыш көрүстөнү 1973-жылы ачылган жана 330 гектар аянтты ээлейт. Анда 180 миңдей адамдын сөөгү коюлган.