Бишкектин Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн айрым бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бүгүн, 11-июлда Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Пушкин жана Жибек-Жолу проспектисинин оросундагы бөлүгү жабылат.
Ал эми 15-июлдан тарта Чүй проспектисинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылып, жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.