Бишкектин Чүй проспектисинде жолду оңдоо мөөнөтүнөн эрте аяктады

Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо мөөнөтүнөн эрте аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 27-августта Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Чүй проспектиси Манас проспектисинен Айтматов көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтүп, жумуш алдын ала бекиген графиктен 1 ай эрте аяктады.
Буга чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылган.