Бишкектин Фучик көчөсүндөгү жол оңдоо иштери аяктады

Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдун реабилитациясы аяктап, унаа кыймылы үчүн ишке берилди.
Аталган тилкеде эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар толугу менен жаңыланды. Ал эми “Вокко” ЖЧКсы тарабынан жол белгилери орнотулуп , жол чиймелери чийилди. Кийинки этапта, Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн «Аска-Таш» конушуна чейинки бөлүгү оңдолот. Ошондой эле Дэн Сяопин көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке убактылуу жабылып, батыш тарабында кыймыл чектелет. Ал эми чыгыш тарабы эки тилке катары уюштурулат.
Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы Дүйнөлүк банктын колдоосу менен реабилитацияланган.