Бишкектин ири соода түйүндөрүндө өсүмдүк майы арзандады

Ири соода түйүндөрүндө өсүмдүк майы арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

«Мониторингдин жүрүшүндө ири соода түйүндөрүндө – «Народный», «Глобус», «Фрунзе» — бардык позициялар боюнча бул товарга баанын төмөндөшү белгиленди»,- деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле ишканалар менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, чекене соода түйүндөрүндө дүкөндөрдө күнүнө бир жолу канттын килограммы 60 сомдон сатылууда. Мурда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Globus соода тармагы пенсионерлер үчүн нанды 10 сомдон сатат.