Бишкектин жаңы мэри шаардыктарга кайрылуу жасады

Бишкектин жаңы дайындалган убактылуу мэри Бактыбек Кудайбергенов калаа тургундарына кайрылуу жасады. Жаңы мэрдин кайрылуусунун толук түрүн башкармалыктын расмий сайтынан көрүүгө болот.

Анда борбор шаардын жаңы башчысы Бишкектиктер үчүн аткара турган негизги иштеринин 10 багыты тууралуу айткан. Ошондой эле ал кыска жана узак мөөнөттүү пландары тууралуу да жакында маалымат жыйын бере турганын айткан.

Мындан тышкары Кудайбергенов учурда шаардагы эпидемиологиялык абалды жөнгө салуу, Бишкектин башкы планынын ачыктыгын камсыздоо жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну көздөп жатканын белгилеген.