Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү 23-июнда жабылат

23-июндан тарта Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Ал бир нече этап менен ишке ашат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Аталган көчө капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабы жабылат. Унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат. Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырым.