Бишкектин жолдорун жамоо иштери жүрүп жатат (сүрөт)

Бишкек шаарында «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол кемчиликтерин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Чуңкурларды оңдоо иштери Васильевский тракт көчөсү Аска-Таш комплексинен Манас аэропортуна чейин түштүк тарабынан жүргүзүлгөн. Бүгүн, 10-мартка карата адистер жолдун түндүк тарабындагы кемчиликтерди жаап жатышат.

Буга чейинки иштер Жибек-Жолу проспектиси боюнча Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин, Фучик көчөсүнүн Аска-Таш комплексинен Чүй проспектисине чейин, Манас проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин жүргүзүлгөн.