Бишкектин жолдорун жышып жууй турган техника алып келинди

Бишкектин жолдорун жышып жууй турган техника алып келинди. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

«Сиздерге маалым болгондой буга чейин Бишкектин көчөлөрүн эски унаалар менен колдон келишинче тазалап, жууп келгенбиз. Анда жол жээгине топтолгон кумдар бордюрдан ашып, көк чөпкө чейин ыргытылчу. Жыйынтыгында жол жээгиндеги газондор, бадалчалар куурап калчу. Эски унаанын шыпыруу, тазалоо мүмкүнчүлүгү ошондой эле. Эми болсо сыноо иретинде жолдорду жууй турган төрт унаа алдык. Азырынча сыноо иретинде. Жалпы жонунан ордо калаа көчөлөрүн иретке келтирүүгө мындай унаадан 30ду алган жатабыз», — деди ал.