Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштери кандай жүрүп жатат? (видео)

“Тазалык” муниципалдык ишканасы кыш мезгилиндеги аба ырайына байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттерин күчөттү.

Ишкананын түнкү нөөмөттөрү көчөлөрдөн карды ыкчам тазалоого жана жол катмарын туз менен тазалоого багытталган. 10-декабрда түн ортосу менен жолдорго техникалык туз чачуу иштери башталды. 11-декабрда саат 20:00дөн 10:00гө чейин 15 тонна туз колдонулган, бул шаардык жолдордогу жол кыймылынын шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Шаардын көчөлөрүндө 12 патрулдук милиция башкармалыгынын унаасы атайын техникаларды коштоп жүрөт.

Бүгүн түнү борбор калаанын көчөлөрүндө 15 атайын техника нөөмөттө иштеди:

* МАЗ базасында 4 кар тазалоочу унаа;

* 2 фронталдык жүктөгүч;

* 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору;

* 5 «УКМ-2500» универсалдуу коммуналдык унаа.

Азыркы учурда ишкананын бардык кызматкерлери аба ырайынын жагымсыз шарттарына каршы күрөшүүгө активдүү катышып жатышат. Тротуарларды жана өтүүчү кирүүчү жолдорду тазалоо толук көлөмдө жүргүзүлөт.