Бишкектин көчөсүндө унаа менен жарышкандар кечирим сурашты (видео)

Жарандардын арызынын негизинде Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жарыш уюштурган айдоочулар Бишкек ШИИБдин издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Айдоочуларга мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, унаалары айып короого киргизилди.