Бишкектин коомдук транспорттун айдоочуларына 131 миң сом айып салынды

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук унааларга карата «Коомдук транспорт» аталышында рейд өтүп жатат. Эки күн ичинде 35 факты аныкталып, 131 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Акыркы учурларда жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор катышкан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон фактылар да байкалууда. Буга айдоочулардын айдоо маданиятын толук өздөштүрбөгөндүгү, унаанын техникалык абалына толук көңүл бөлбөгөндүгү жана жалпы эле жол эрежелерин толук сактабагандыгы болууда. Мына ушул көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү 8-ноябрдан тартып, 30-ноябрга чейин атайын рейддик иш-чара өткөрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Рейд учурунда автобустардын, маршруттардын соңку аялдамасына барып, маршруттук кыймылдын графиктерин, техникалык кароодон өткөндүгүн, жүргүнчүлөрдү ташууда көрсөтүлгөн орундуктардан ашырбоосун, жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө көрсөтүлгөн жерлерде токтоосун, ошондой эле айдоочулар каттамга чыгуу учурунда техникалык жана медициналык көзөмөлдөн өтүүсүн текшерүүгө алып, тиешелүү протоколдорду түзүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин эки күн ичинде рейд учурунда 35 протокол толтурулуп, анын ичинен техникалык бузуулары байкалып, оң абалда болбогондугу үчүн 22 маршруттук унаага 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.  Ошондой эле техникалык бузууларын билип туруп, каттамга чыгарган маршруттук унаанын механигине 10 миң сом өлчөмүндө айып салынды.