Бишкектин Курманжан Датка көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери аяктап, унаа кыймылы үчүн ачылды.
Жол оңдоо иштеринин жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
— Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки жылуулук түтүктөрү толугу менен жаңыртылды;
— көчөнүн кеңдиги мурдагы 12-16 метрден 21 метрге чейин кеңейтилди;
— жалпы калыңдыгы 11 см болгон эки катмар асфальт төшөлдү;
— жаңы бордюрлар жана жол белгилери орнотулду.
Бул жол алты тилкелүү болуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлю жана велосипед жолдору курулду. Бул долбоор шаар тургундары менен айдоочулар үчүн коопсуздукту жогорулатууга жана жол кыймылын жакшыртууга багытталган.