Бишкектин Ленин районунда жыл башынан бери 481 адам кызамык менен ооруган

Бишкектин Ленин акимиатында кызамык оорусун азайтуу максатында балдарын кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жолугушууга МАБнын, ҮМБнын, темир жол ооруканасынын өкүлдөрү, ошондой эле райондун мектеп директорлору чакырылган. 2024-жылдын башынан бери Ленин району боюнча кызамык менен ооругандар 481 адамды түзөт.

Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык кызамык, паротит жана кызамыкка каршы эмдөө пландуу түрдө эки жолу жүргүзүлөт: 1 жашында биринчи эмдөө; 6 жашында экинчи эмдөө.