Бишкектин мектеп жана бала бакчаларын 1-февралдан баштап ачууга уруксат берилген жок

Бишкектин мектеп жана бала бакчаларын толугу менен оффлайн-режимге өткөрүү мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу борбор калаанын башкармалыгынан билдиришти.

«Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал бир аз болсо да турукташып калды, бирок толук жакшы деп айтууга эрте. Мындан улам окуу процессин жана бала бакчалардын ишин оффлайн-режимде жандантуунун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Бишкектин 1-, 5-, 9- жана 11-класстарынын окуучулары гана мектеп имаратында билим алып жатышат. Калган класстын окуучулары 1-февралдан тарта оффлайн-режимге өтүп, бала бакчалар иштей турганын буга чейин мэриядан билдиришкен болчу.