Бишкектин мектептерине 264 мугалим жетишсиз

Бишкектин мектептерине 264 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Лосникова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, окуу жылынын башталышында муниципалдык мектептерде 400гө жакын мугалим жетишсиз болгон. «Азыр 264 бош орун бар. Акырындык менен кызматкерлерди толуктайбыз. Биз жыл сайын Билим берүү министрлигине бош орундарга билдирмелерди жөнөтөбүз. Бизге Жогорку окуу жайлардын жаш адистери жөнөтүлөт», — деди ал.