Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев сел коркунучу бар аймактарды текшерди

Кечээ, 20-июлда таңкы саат 5те борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жарандык коргонуу штабынын жыйынында берилген тапшырмалардын аткарылышы менен таанышуу үчүн көчмө жыйын өткөрдү.
Чоң Чүй каналынын жана Аламүдүн дарыясынын аймактарын текшерүүдөн мурун борбордук ӨКМ шаарга жакын жайгашкан тоо көлдөрүнүн абалы боюнча отчет берди. Айбек Джунушалиев коркунучтар минималдуу болгонуна карабастан, үзгүлтүксүз көзөмөл зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жана Чоң Чүй каналынын айрым участоктору текшерилди. Бул жерлердеги көпүрөлөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан жана жантайма жээктердин айынан суунун көлөмү көбөйсө, жакын жайгашкан аймактардын суу астында калуу коркунучу бар.
Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга каналдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, топтолгон таштандыларды тазалоо жана жээктерди бекемдөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Коммуналдык кызматтарга дарыялардын агымын дарактардан жана бадалдардан тазалоо тапшырылды. Ошондой эле Айбек Джунушалиев Орто-Алыш суу алгычына да барды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга коркунучтуу аймактарды көзөмөлдө кармоо жана жогорку даярдык режимин сактоо тапшырылды. Түштөн кийин мэрдин буйругу менен Ала-Арча дарыясындагы авариялык көпүрө демонтаждалды. Мындан тышкары, дарыялардын боюнда жайгашкан объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү, ошондой эле Ленин районунун администрациясына Ала-Арча дарыясынын боюндагы жер тилкелеринин инвентаризациясын жүргүзүү тапшырылды.
Көчмө жыйындын максаты — бардык коркунучтуу аймактарды жеринде текшерүү, жеке үйлөрдү жана башка объектилерди суу астында калуу коркунучун алдын алуу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 23-июлга чейин республикада аба ырайы турксуз болуп, нөшөрлүү жамгыр жаашы мүмкүн.
Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (ӨКМ) ишеним телефондору: 101 (күнү-түнү)
0 (312) 43-29-67
0 (312) 43-91-05