Бишкектин мэри бүгүн таң атпай шаарды кыдырды

Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин эртең мененки кыдыруусу Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн жаңыланган тилкесинде, ошондой эле жол иштери кызуу жүрүп жаткан аймактарда өттү.
Ахунбаев көчөсүн текшерүү учурунда ал Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин башчысына жолдун жээгине мыйзамсыз токтотулган унааларды, ошондой эле жашыл тилкедеги автоунааларды эвакуациялоо иштерин күчөтүүнү тапшырды. Биринчи май жана Октябрь райондорунун акимдерине бардык коммерциялык объектилердин имараттарынын фасаддарын тазалоого милдеттендирүү тапшырылды.
Президент Садыр Жапаровдун буйругун аткаруунун алкагында жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысына шаардын айланасындагы бардык көрнөк-жарнамаларды алуу жана аларды LED-экрандарга алмаштыруу, ошондой эле Ахунбаев көчөсүнүн жээгиндеги бардык объектилерди мыйзамдуулугун дыкат изилдөө зарылчылыгы тапшырылды. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине көрнөк-жарнама такталарынан LED экрандарга өтүү боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзүү милдеттендирилди.
Ошондой эле, бардык тиешелүү кызматтарга бекитилген долбоордук дизайн-кодко ылайык, жолдорду оңдоо менен бирге имараттардын сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү тапшырмасы берилди. Жолду оңдоо иштеринин жүрүшүндө «Бишкекжарык» ишканасынын директоруна эски электр чубалгыларын жаңысына алмаштыруу иштерин жүргүзүү, ошондой эле бардык линияларды жаңы долбоордук код менен жер астынан өткөрүү тапшырылды.
Башкы архитекторго Достоевский жана Ауэзов көчөлөрүн бириктире турган жаңы жолду төшөө долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле шаар мэри «Алга» спорт комплексинин (мурдагы Эмгек резервдери) курулушунун жүрүшүн текшерип, курулуш иштеринин сапатына көңүл буруу жана ишти тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.