Бишкектин мэри «Тазалыктын» ишине кандай баа берди?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кечээ, 8-ноябрда эртең менен борбор калаанын райондоруна көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ал «Тазалык» ишканасынын ишинин сапатын текшерип, ошондой эле аталган райондордун акимдеринин аймактардын санитардык абалына жана көрктөндүрүүсүнө көзөмөлдүн деңгээлине баа берди. Борбор калаанын мэри менен бир убакта мэрдин орун басарлары да аларга бекитилген райондук муниципалдык администрациялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча саат 6:00дөн баштап текшерүү иштерин жүргүзүштү.

«Эртең мененки пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө катталган көптөгөн кемчиликтердин негизинде “Тазалык” ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты, ошондой эле райондун жетекчилеринин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча иш-аракеттери жалпысынан канааттандырарлык деңгээлден төмөн деп бааланды», — деп айтылат маалыматта.