Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу президенттин иш башкаруучусу менен жолукту

Шаардык мэрияда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашовдун Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармасынын жетекчиси Бактыбек Кудайбергенов менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда келечектүү  маселелер жана Бишкек шаарын  өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланган.

Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.