Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким дайындалды

Мирлан Эшкожоев Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн вице-мэр Руслан Акылбеков жаңы акимди райондук администрациянын жамаатына тааныштырды. Буга чейин Эшкожоев Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүн жетектеп келген.

Ал эми Октябрь районунун мурунку акими Данияр Арпачиев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.