Бишкектин окуучулары 3-чейректе мектепке барып калышы ыктымал

Бишкектин окуучулары 3-чейректе мектепке барып калышы ыктымал. Бул тууралуу борбор калаанын башкы врачы Кубан Кундашев билдирди. Анын айтымында, бул маселени мэрия эмес, республикалык штаб, Саламаттыкты сактоо менен Билим берүү жана илим министрликтери чечет. “14 жашка чейинки курактагы балдардын коронавирусту жуктуруп алуу статистикасы боюнча өсүү болбосо, анда мектептер ачылат”, — деди башкы врач.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул маселе боюнча чочулап жатканын моюндады. “Айрым класстарда окуучунун саны 50-55ке дейре жетет. Борбор калаадагы мектептерде 70 миң бала окушу керек, бирок иш жүзүндө 170 миңдей окуучу билим алат. Мектептерди ачсак, балдар ооруп калсачы? Балдар бейтапканаларында ансыз деле орун жок болуп жатат. Абал жакшырса, анда Жаңы жылдан кийин мектептер менен бала бакчалар ишке кирет. Азыр ача албайбыз”, — деди Түлөбаев.

Вице-мэр Айжан Чыныбаева бул маселени кароодо Бишкектин мектептеринде 50 жаштан жогорку курактагы 2 миңдей мугалим эмгектенерин, билим берүү мекемелеринин көбүндө окуучулар ашыгы менен экенин унутпоого чакырды.