Бишкектин окуучулары үчүнчү чейректен тартып мектепке барышы пландалып жатат

Үчүнчү чейректен тартып Бишкек шаарындагы мектептерди кадимки окууга кайтаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

Андан тышкары Жаңы жылдан кийин бардык бала бакчаларды ачуу маселеси чечилип жатканы айтылды. Ал үчүн коронавируска байланыштуу кырдаалга жоопкерчиликтүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн уруксаты керек болот.

Жогорку окуу жайлар жана колледждер да Жаңы жылдан кийин кадимки окууга өтүшү мүмкүн.