«Бишкектин өлүкканасында бир айдан бери чогултулган сөөктөрдү жерге беребиз». Төрөхан Жунусбеков жаңы кызматы тууралуу үн катты

«Бишкектин өлүкканасында бир айдан бери чогултулган туугандары жок маркумдарды жерге беребиз». Бул тууралуу Бишкек шаардык аза кызматтары агенттигине жетекчи болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Менин жаңы кызматым Бишкек мэриясына караштуу маркумдарды сый-урмат менен акыретке узатуу кызматы болуп саналат. Бүгүн биздин кызматка өзгөчө күн. Анткени Бишкек шаарынын өлүкканасында бир айдан бери чогултулган туугандары жок маркумдарды түбөлүктүү акыретке узатуу иш чарасы болот. Алардын тууган-уругу жок болсо, анда биз аларга тууган болуп, ак кепинге ороп, жаназа намазын окуп узатабыз. Буга чейин мындай маркумдар мусулман менен башкалары аралашып, бир жайга бештен тизилип, жаназа намазы окулбай, көмүлүп келген. Эми биз буларга бир тууган болуп, сый-урмат менен узатабыз. Архив иретинде сайтка киргизүү менен кийин кандаш туугандары жеңил табышы үчүн шарттарды түзүүгө аракеттер да башталат», — деп жазылат жаңы жетекчинин билдирүүсүндө.

Төрөхан Жунусбеков 2020-жылы октябрь айындагы окуялардан кийин Бишкек шаарынын мэри болууга аракет кылганы менен элдин эсинде калган. Ал Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы, “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Буга чейин “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеген.