Бишкектин Совет/Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы аялдама демөөрчүлөрдүн эсебинен жаңыланууда

Борбор калаада Юсуп Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Долбоорго ылайык, аялдама жабык болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылытуучу жабдык орнотулат. Ошондой эле аялдамада коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак тактасы, маалыматтык LED экраны болот. Долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда. Биринчи май районунун администрациясы аялдамага «Коопсуз шаар» системасын орнотуп, бир нече метр радиуста болуп жаткан кыймылды камтыган панорамалык жана түнкү тартуу мүмкүнчүлүгү бар видеокөзөмөл камераларын коюуну пландаштырууда. Мындан сырткары аялдамада Wi-Fi, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус, карта-схема, интерактивдүү сенсордук LCD мониторлор жайгаштырылат.

Буга чейин «Бишкек асфальт сервис» ишканасы тарабынан жол тыгындарын жоюу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн аялдама жылдырылып, тротуар кеңейтилген. Жолго жээк таштар коюлуп, жол асфальтталган.