Бишкектин Совет көчөсүндө өзүнчө тилке бөлүнүп жатат

Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Түнкүсүн Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкек асфальт сервис» МИ жана ЖККК менен биргеликте иш алып барууда. Кечээ, 21-октябрда кечинде Байтик Баатыр көчөсүнө Медеров көчөсүнөн чыгыш тараптан Лев Толстой көчөсүнө чейин атайын тилке түшүрүлдү. 21-октябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин бүткөрүлдү. Бүгүн, 22-октябрда түнкү саат 22:00дөн баштап Абдрахманов көчөсүндө иш уланат. Бөлүнгөн тилке Жибек-Жолу проспектисине чейин уланат.