Бишкектин Свердлов районунда таштанды ыргыткан жаранга айып салынды

Свердлов районунун Кожевенная көчөсүнүн тазалыгын бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан күрөш активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Аталган көчөдөгү белгиленбеген жерге таштандыларды шаар тургундары да, жакын жердеги базардын сатуучулары да ташташууда. Муниципалдык инспекциянын инспекторлору таштандыны белгиленбеген жерге таштагандарды аныктоо үчүн шаардын бир нече жерине видео камераларды орнотушкан. Аларга карата «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси, Тазалык муниципалдык ишканасы менен келишим түзбөгөнү үчүн жана 115-берененин 1-бөлүгү менен 3 протокол түзүлдү.
Таштандыларга атайын урналарга гана салуу жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан тиричилик таштандылары ташылып чыккан күндөрү гана таштоо керек. Турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерге таштоо үчүн 5 500 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул каралган. Өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерлерге таштоо 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып салууга алып келээрин эскертебиз.