Бишкектин тургундары жылуулук маселеси 1 саатта чечилгенин айтып, Ташиевге ыраазычылык билдиришти

Кечээ, 11-декабрда Бишкектин 5-кичи районундагы көп кабаттуу 3 үйдүн жашоочулары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышып, суукта жылуулук жок отурганын айтып, кайрылышкан видео тараган.

1 сааттан кийин жашоочулар кайра видео кайрылуу жасашып, УКМКнын төрагасына ыраазычылык билдиришти. «1 сааттын ичинде адамдар келип, үйүңөрдөн түтүн чыгат деп сөз беришти», — дешти алар.