Бишкектин тургуну: «Келемишке жем боло берип чарчадык»

Бул жолу SUPERTV телеканалына Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүнүн тургуну кайрылды. Ал ижарага алып жашап жаткан батиринен келемиштер чыгып, алтургай балдарына бир нече ирет кол салганын айтат. “Турмуштун кыйынчылыгынан көчүп кете албай жатабыз” деген үй-бүлө финансылык жардамга муктаж экенин айтат.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0502 41 47 38.

«Биз бул үйгө 1 ай мурун көчүп келгенбиз. 2-3 күндөн кийин келемиштердин жүргөнүн көрдүм. «Бизге кол салбаса экен» деп жүрдүм эле. 1 жумадан кийин ортончу баламдын бутунан тиштеди. Жолдошумдун колун тиштеди, ар бирибизди 2 жолудан тиштеп чыкты. Капыстан келип кол салышат. Эмне кылышымды билбей калдым. Үйдүн ээси эч нерсе кыла албарын айтты. Бул жерди биз көп убакытка алганбыз. Үйгө мышык да алып келдик, бирок жардам бербейт экен. 

Бир күнү уктап жатсак баламдын бутунун манжасын тиштеп кетти. Эч нерсе түшүнбөй калдык. Кан агып жатты. Тез жардам кызматын чакырттык. Алар таңып берип, кетти. Андан кийин кайра эле колун тиштеп кетти. Андан кийин баарыбызды тиштей баштады. Акчабыз болсо бүгүн деле көчүп кетмекпиз. Келемиштерге жем болуп чарчап кеттик»,- дейт ал.