Бишкектин түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жолдор салынат

Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж.Абдрахманов жана Ч.Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды. Кара-Дарыя жана Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу бириктирилип, Шүкүров көчөсү аркылуу көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чыгарылат. Шүкүров көчөсүндө Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду кошо эсептегенде анын туурасы 15 метрди түзөт.

Учурда көпүрөнүн долбоору даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өтүп, сынак жарыяланды. 2024-жылдын 6-мартында документтер ачылат жана подрядчы уюм тандалат.