Бишкектин түштүк райондоруна түнү суу берүү токтотулат

Бишкектин түштүк кичи райондорунда үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ошондой эле “Ынтымак” жана “Ала-Арча” конуштарында ичүүчү сууну берүү саат 23:00дөн саат 06:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасынан билдиришти.

«Бишкек шаарындагы ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардын түштүк бөлүгүнө түнкүсүн суу берүүнү токтотууга аргасыз. Бул каланы туруктуу суу менен камсыздоо үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарылдыгынан келип чыккан чара», — деп айтылат маалыматта.