Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кармалганы айтылып жатат

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кармалганын Сводка АКИpress билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөө-ыкчам иш-чарасын УКМКнын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Ырсалиев менен бирге Ленин жана Октябрь акимиаттарынын кызматкерлери камакка алынган.

УКМК азырынча маалымат бере элек.