Бишкектин вице-мэри жол кире көтөрүлөт деп нааразы болуп жаткандарга жооп берди

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жол киренин көтөрүлүшүнө нааразы болуп жаткандарга жооп берди.

«Эки күндөн бери жол кире көтөрүлөт экен деген замандаштарыбызга расмий жооп берейин дедим. Бишкекте бир күндө шаар ичинде 1200дөн өйдө автобус каттамга чыгып жатат. Жалпак тил менен айтканда, мурункудай маршрутка жок. Коомдук транспорт. Президентибиз өзү тапшырма берип, акча бөлүп алып келинген. Эми жол кире боюнча: Азыр “Тулпар” карталары менен жана Улуттук банктын QR аркылуу бардык банктын карталары менен жол кире 17 сом. Ал эми бир айлык карта чоңдор үчүн 1050 сом, балдар үчүн 360 сом (чектөө жок), каалашынча жүрө алышат. Накталай төлөм менен 20 сом.

 

Эми эмне үчүн талкууга чыгардык? Жол кирени накталай эмес, “Тулпар” картасын алгыла да, 17 сомдон жүрө бергиле деп. Мисалы, бир сааттын ичинде каттам алмаштырсаңыздар (пересадка), ошол эле 17 сом менен жүрсөңүздөр болот дегенди да карап көрсөңүздөр?! Себеби, накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз мэрия тараптан канчалык аракет жасап жаткан менен адамдык фактор деген да бар экен. Автобустарды аябай айдап талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү мисалы 1000 сомдук акча берип койсо, майдалап 20 сом алып калыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат.

Планды аткарып чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн, кубалашып айдап жатканын көрүп жатасыздар. Мэр өзү барып айдоочулар менен жолугушуп, тартипке чакырып жатат. Биз да аракет кылып, коомдук талкууга чыгарсак, ойлору бузук досторубуз маалыматты бурмалап жиберип, ызы-чуу болуп жатып калабыз. Биз сиздер менен кеңешип, коомдук талкуу аркылуу маселени бирге чечели деген ак тилегибизди айлантып туруп, мэрияда келесоолор иштейт деп жазып жатасыздар. Карта менен төлөп, айдоочуну алаксытпай ошону менен бирге көмүскөгө кетип, сол чөнтөккө солонуп кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген изги тилегибиз бар. Сөгүп урушаардан мурун талкууга активдүү катышып бериңиздер. Тулпар картаны ар бир айдоочуга да саттырып көрдүк. Алар таап жаткан нанын тарттыргысы келбейт жана карта сатпайт… Накталай эмес, карта менен төлөө жолун жөнгө салып, Тулпар картасы же баардык банктын картасы аркылуу мамлекеттик QR кодду колдонуп көрсөңүздөр», — деп жазды ал.