Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев семичке чагып отурган жарандын видеосун жарыялады

Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев семичке чагып отурган жарандын видеосун соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Бирөөнүн эмгегин баалаганды үйрөнөлү… Турмуш-тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерге таштоо — жеке жактарга — эсептик көрсөткүч 5500 сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептик көрсөткүч 17000 сом өлчөмүндө айып салууга алып келет», — деп жазылат билдирүүдө.