Бишкектин вице-мэри Ырсалиевдин жол кырсыкка кабылгандан кийинки сүрөтү

Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин жол кырсыкка кабылгандан кийинки сүрөтү пайда болду.

Жамалбек Ырсалиев 26-июлда саат 06:00 чамасында Бишкек — Ош жолунун 217-чакырымында жол кырсыкка кабылган. Кийинчерээк унаанын ичинде ырчы Самара Каримова менен күйөөсү болгону маалым болгон.