«Биз акча албайбыз». Балакай жол тескөөчүлөрдүн видеосу интернетти «жарды»

Социалдык тармактын колдонуучулары балакай жол тескөөчүлөрдүн видеосу менен бөлүшүп жатышат. Видеодон форма кийген, колуна таякча кармап, жолдогу унааларды тоскон балакайларды көрүүгө болот.

Алар видеонун авторун коопсуздук курун тагынбаганына байланыштуу токтотушуп, айдоочунун унаасынын документин жана айдоочулук күбөлүгүн текшеришип, документтеги номур менен унаанын номуру дал келеби же жокпу карашты.

Андан соң видеонун автору аларга 50 сом сунуп, «буга суу ичип койгула, чын жүрөктөн берип жатам, жумуштан тышкары» деген. Бирок балдар «биз акча албайбыз, кете бериңиз» деп акчасын албай койгон.

@alliisher12 Будущие гаишники 🫡##милция##гаишники ♬ оригинальный звук — Alliisher