«Биз ар дайым жаныңардабыз». Нуржигит Кадырбеков парламент жыйында түрк тилинде көңүл айтты

Депутат Нуржигит Кадырбеков парламент жыйында Түркия элине түркчө көңүл айтты. Ал учурда Түркияга жардам керек болуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле боз үй же чатыр берип ийүү керектигин билдирди.

«Урматтуу биздин бир туугандарыбыз, сиздер үчүн кайгырып турабыз. Жакындары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтабыз. Жаракат алгандарга шыпаа тилейбиз. Бул оор учурда биз жаныңардабыз. Кудай жардам берсин», — деди ал түрк тилинде.