«Биз ушуга жетиптирбиз… Өз өлкөбүздө кыргыз тилинде сүйлөгөн болбой калыптыр». Стилисттин видеосу талкууга түштү

«Мен бүгүн өтө катуу жиним келип, жүрөгүм ооруй тургандай абалга туш болдум». Мындай билдирүүнү белгилүү стилист жана дизайнер Замира Молдошева соцтармактагы баракчасына жарыялады. Анын видеосун коомчулук талкууга алып жатат.

«Бул тамактануучу жайда кыргыз тилинде сүйлөө болбойт экен. Элестеткиле, өз жерибизде өз тилибизде сүйлөөгө тыюу салып жатышат. Бул эмне деген тоготпостук?! Мен тилибизди, улутубузду бекем сактоого баарыңыздарды чакырам. Кыргыз тилинде сүйлөбөй койбой, аны өнүктүрүшүбүз керек! Балдарыбызга кичинекейинен тилибизди үйрөтүшүбүз абзел. Бала бакчаларда көбүрөөк кыргыз группаларын ачыш керек. Биз тилибизди жоготпой, улутубузду сактап кала алабыз. Тилибиз — биздин дилибиз!» — деп жазылат билдирүүдө.